Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Кѳл облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Б.Жетигенов Күн-Чыгыш айыл аймагына иш сапары менен келди

04.03.2026, 17:18
6

      Бүгүн, 2026-жылдын 3-март күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Кѳл облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Б.Жетигенов Күн-Чыгыш айыл аймагына иш сапары менен келди. Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Кѳл облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Б.Жетигенов менен бирге Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Осмонов, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Б.Мамбетов, Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кадыров жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

      Иш сапардын жүрүшүндө Сары-Талаа участогунда болуп, жеринде жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Ошондой эле Кажы-Сай айылында жайгашкан Росатом уран калдыктарын рекультивациялоо долбоорунун аткарылышы тууралуу маалымат алышты.

    Мындан тышкары, иш сапардын алкагында бир катар социалдык объектилер – мектеп, бала бакча жана медициналык мекемелердин абалы менен таанышуу жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Кѳл облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Б.Жетигенов тиешелүү жетекчилерге уран калдыктарын рекультивациялоо иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аяктоо, ошондой эле социалдык объектилердин инфраструктурасын жакшыртуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди. Иш сапар аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган маанилүү кадамдардын бири болду.