Кызыл чек жана мыйзамсыз курулуштар боюнча комиссия иш алып барууда
Бөкөнбаев айылынын кызыл чектен ашкан курулуштарын көзөмөлдөө максатында атайын комиссия түзүлүп, иш алып барууда. Таза суу долбоорунун ишке ашышы менен, комиссия мыйзамсыз курулуштарды аныктап, алар боюнча мыйзам чегинде чаралар көрүлүүдө.
Комиссиянын курамында Жергиликтүү Кеңештин депутаттары, айыл өкмөт кызматкерлери, Тоң районунун Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин адистери, ошондой эле Күн-Чыгыш таза суу муниципалдык ишканасынын адистери бар. Алар айыл аймагында кыдыруу иштерин жүргүзүп, мыйзамсыз курулуштарды текшерүүдө.
Айыл тургундарынан сураныч: ар бир жаран өзүнүн ашыкча курулуштарын жана саркынды суусунун сакталуусун көзөмөлгө алып, аларды кызыл чектен ашпай киргизүүсү зарыл. Бул чаралар айылдын инфраструктурасын жакшыртууга жана таза суу долбоорунун ийгиликтүү ишке ашышына көмөк көрсөтөт.
Сиздердин түшүнүүңүздөр жана жардамдарыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз!