Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Күн-Чыгыш айыл аймагына жаңы атайын техникалар алынды

09.02.2026, 09:53
14

     Күн-Чыгыш айыл аймагына Ысык-Көл өнүктүрүү фонду аркылуу үч даана атайын техника алынды. Жаңы техникалар экскаватор, автовышка жана таштанды чыгаруучу атайын унаадан турат.

      Бул техникалардын алынышы менен айыл аймагында таштанды чыгаруу, жол жээктерин тазалоо, электр мамыларын оңдоо жана башка социалдык маанидеги иштерди үзгүлтүксүз жана сапаттуу жүргүзүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүлдү. Натыйжада алты айылга кызмат көрсөтүүнүн сапаты жогорулап, коммуналдык тейлөө иштери ыкчам жана натыйжалуу аткарылат.

       Аталган техникалар айыл өкмөтү тарабынан лизингдин негизинде алынып, беш жылдын ичинде төлөп бүтүрүү пландалууда. Бул кадам айыл аймагын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган маанилүү чечим болуп саналат.